БИШКЕК. 12.05.2021.KҮN.KG –«Кумтөр Голд» кыргыз өкмөтүнө 4 миллиард 952,8 миллион доллар төлөөгө милдеттүү. Бул тууралуу Кумтөр боюнча комиссиянын отурумунда анын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, мунун 3 миллиард 501 миллион доллары негизги сумма, калганы туум жана санкция:

«Жалпысынан бул сумманы далилдесе болот деп эсептейбиз. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча бул акча милдеттүү түрдө төлөнүшү керек болчу. Салык төлөмдөрүн, айыппулдарды ар кандай түшүнүксүз фонддорго айырбаштоо тажрыйбасы токтотулушу керек деп эсептейбиз. Мындан аны «Кумтөр Голд» биздин салык мыйзамдарыбыз менен иштөөсү, биздин биринчи кезекте экология жана адамдардын коопсуздугу боюнча мыйзамдарыбызды бузбоосу зарыл» – деди Акылбек Жапаров.

Жапаров билдиргендей, бул эсептөөлөрдү каржылык-экономикалык топ жүргүзүп, мамлекеттик комиссияга бекитүүгө сунуш кылууда.

Быйыл 17-февралда Жогорку Кеңеште кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн, кийин ага мамлекеттик макам ыйгарылган.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөөгө милдеттендирилген.

6-майда Жогорку Кеңеште бул ишканага сырттан башкаруу киргизүү каралган мыйзам долбоору кабыл алынган.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор “таптакыр негизсиз” экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, “Кумтөр Голд” мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

Кумтөр – Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз