БИШКЕК. 26.04.2021.KҮN.KG – Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев Борбордук Азиядагы “Маариф” фондунун директору Хүснү Биржан мырза менен жолугушту.

Жолугушуудагы негизги тема “Маариф” фондунун Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү болду. Фонд өз ишмердүүлүгүн Түркиянын Анкара шаарында 2020-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Түркиянын “Маариф” фондунун ортосунда Кыргыз Республикасында жеке менчик билим берүү уюмдарын ачуу жана иштетүү боюнча кол коюлган макулдашуусунун негизинде жүргүзүп келет.

Түрк тараптын өкүлү билдиргендей, жаңы окуу жылында Кыргыз Республикасында “Маариф” фондунун алгачкы жалпы билим берүү мектебин ачуу үчүн фонд тарабынан бардык керектүү иштер жасалып жатат. Мамлекеттик стандартка ылайык, окутуу кыргыз тилинде дагы жүргүзүлө турган мектептин Бишкекте ачылышы пландалууда. Окуучулар үчүн дагы, мугалимдер үчүн дагы бардык шарттар түзүлөт. Макулдашуунун шарттарына ылайык, мугалимдердин басымдуу бөлүгү Кыргыз Республикасынын жарандары болмокчу.

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз