БИШКЕК. 03.01.2021.KUN.KG – Садыр Жапаров менен сүйлөшкөндө анын ниеттери жакшы экенин байкадым. Ошондуктан биз бир пикирге келе алдык. Бул тууралуу Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Токтогазиев Садыр Жапаров азырынча бийликте эместигин, эгер алдыда принциптери туура келетурган болсо көп реформаларды чогуу жасайтурганын айтты.

«Мен кишини сындабайм, кишинин ишин сындайм. Туура эмес жолдор болсо мен ачык айтам. Биз ошондой сүйлөшкөнбүз. Мен кошомат кылып, күлүп туруп “артыңан бычак сайбайм” деп айтканмын. Көп маселелер боюнча өзүмдүн да көз-карашым бар. Ошолорду айтам. Эгерде жок иштеше албайбыз десе анда эч бир позицияга карманбайм» – деди Айыл-чарба министри.

Ошондой эле Токтогазиев, “бийлик менен колтукташып кетти” деп сындаган тарапташтарына да жообун узатты.

«Негизи саясий чечимдер оор болот экен. Министрликке келүү да саясий чечим болду. Мен министрликке сырттан сындап көз салып отурабербей, башкармалыкты ичинен өзгөртүү үчүн келдим» – деди министр Тилек Токтогазиев.

 

 

 

 

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз