БИШКЕК. 01.01.2021.KUN.KG – «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев убагында бир кишини кызматтан кетирүү үчүн да мыйзам жазган. Бул тууралуу президенттикке талапкер Садыр Жапаров Супер Тв ютуб каналына берген маегинде билдирди.

Жапаров Өмүрбек Текебаевди 15 жылдан бери тааныйтурганын, башында сыйлап келгенин белгиледи.

«Мен жаңы 2005-жылы депутат болуп келгенимде Өмүрбек Текебаев, Исхак Масалиев, Адахан Мадумаровду сыйлайт элем. Кыйын саясатчы деп жүргөм. Бирок кийинчерээк чогуу иштешип калганда анын чыныгы жүзүн көрдүм. Өлкө эмес өзүн гана ойлогон киши экен. Парламенттик башкарууну да өз кызыкчылыгы  үчүн түзгөн», – деди Жапаров.

Садыр Жапаров Текебаев өчөшкөн кишисин кызматтан алуу үчүн да мыйзам жазгандыгын кошумчалады.

«Өмүрбек Текебаев мэрия же акимиятта бирөө менен касташып калса аны да мыйзам жазып кетирген учурларын мен көрдүм», – деди Садыр Жапаров.

Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президенттик 17 талапкер катышууда. Садыр Жапаров жарышта көзгө урунган талапкерлердин бири болуп турат.

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз