БИШКЕК. 01.01.2021.KUN.KG – Бийликти дос-тууганга карматканга жол бербейм. Бул тууралуу президенттикке талапкер Садыр Жапаров “Супер Тв” ютуб каналына берген маегинде билдирди.

Жапаров тарыхтан сабак алганын, мурдагылардай жетелеме башкаруучу болбойтурганын айтты.

«Мурдагылардай болуп мен бийликти бирөөнүн жетегине берип койгонго каршымын. Ага жол бербейм. Бийликке келип калсам, чечимди өзүм кабыл алам. Өзүм башкарам. Эч кандай шофёр, үй-бүлө же досторго бийликти карматпайм» – деди Жапаров..

Ошондой эле Садыр Жапаров элдин жүгүн көтөрүү канчалык оор экенин сезип турганын кошумчалады.

«Эл мени шайлап президент кылса жүк менин моюнума илинет. Жоопкерчилик мага жүктөлөт. Жакшыбы, жаманбы мен жооп беришим керек болот. Аны жакшы билем. Ошондуктан мен мурункулардын катасын кайталабайм», – деди Садыр Жапаров.

Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президенттикке 17 талапкер ат салышууда. Садыр Жапаров жарышта көзгө урунган талапкерлердин бири болуп турат.

Видео👇

https://www.instagram.com/tv/CJeq9CGHQSX/?utm_source=ig_web_copy_link

 

 

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз