БИШКЕК. 29.12.2020.KUN.KG  – Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда бүгүнкү күндөгү байланыштар жана эки өлкө ортосундагы мамилелерди мындан да жандантуу маселелери талкууланды.

«Кыргыз өкмөтүнүн атынан россиялык тарапка бюджеттик тутумду турукташтырууга 20 млн АКШ доллары өлчөмүндө, өз учурунда көрсөтүлгөн финансылык көмөгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бүгүнкү күндө Өкмөт тарабынан жарандар алдындагы бардык социалдык төлөмдөр бюджеттик каражат эсебинен толук көлөмдө каржыланды. Россиялык тараптын финансылык көмөгү бюджетти колдоого багытталат», – деди Артем Новиков.

Новиков каржылык колдоо боюнча кабыл алынган чечим ноябрь айында Москва шаарында жетишилген макулдашуулардын далили болуп саналаарын белгиледи.

Ошондой эле өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча «Жол картасынын» долбоорун даярдоо тууралуу макулдашууга жетишилгенин кошумчалады.

Артем Новиков россиялык тарапка «Жол картасынын» даярдалган долбоорун алар тараптан каралып, толуктап чыгуу үчүн тапшырды.

«2021-жылы «Жол картасына» кол коюлушу өнөр жай кооперациясы жаатындагы  долбоорлорду, экономикалык кызмтташтыкты кеңейтүү үчүн стимул катары, ошондой эле  эки өлкө ортосундагы товар жүгртүү көлөмүн жогорулатууда маанилүү кадам болооруна ишенем. Келерки 2021-жыл кыргыз-орус мамилелерин чыңдоону улантуу, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, анын катарында Россия Федерациясы менен кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн тартуулаган жылдардан болот деп эсептейм. Кыргыз тарап Россия Федерациясы менен экономикалык байланыштарды чыңдоого даяр», – деди  Новиков.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко да эки тараптуу мамилелер жогорку деңгээлде экенин белгиледи.

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз