БИШКЕК. 18.08.2020.KUN.KG – Өзбекстанда коронавирустан үйүндө дарыланып жаткандарга дары-дармек акысыз берилет. Мындай чечим Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун катышуусу менен өткөн жыйында кабыл алынды.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссия 17-июлда өткөн жыйында мындан тышкары коронавирустан үйүндө дарыланып жаткандарга акысыз берилүүчү дары-дармектердин тизмеси бекитти. Алардын ичинде гидроксихлороксин, азитромицин, парацетамол, С витамини жана бир жолу колдонулуучу медициналык беткаптар бар.

Өзбекстанда коронавирус илдетине кабылып, бирок оорусу жеңил өтүп жаткан адамдар дарыгердин сунушу менен үйүндө дарыланат. Азырынча COVID-19 вирусун жуктуруп, бирок үйүндө дарыланып жаткан адамдардын саны тууралуу маалымат бериле элек.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча Өзбекстанда 18-июлда 289 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бир киши оорудан көз жумду.

Өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 15 896 адам. Илдет жуктурган 80 адам көз жумду. 9003 адам оорудан сакайды.

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз