БИШКЕК. 18.08.2020.KUN.KG – Өкмөт коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылап жаткан медицина кызматкерлерин санаториялык-курорттук дарыланууга жиберет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова маалымат жыйында билдирди

Ал ооруканаларда коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарга медициналык көмөк көрсөтүү үчүн «кызыл зонада» вахталык ыкма менен иш алып барган медициналык кызматкерлер үчүн эс алууну жана санаториялык-курорттук дарыланууну уюштуруу тапшырмасын берди.

Учурда медициналык кызматкерлердин тизмеси жана алардын санаторйлерге баруусунун графиги түзүлүп жатат. Барып келүүлөрүнө транспорт да уюштурулат.

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз