БИШКЕК. 13.01.2021.KUN.KG – Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Жапаровдун шайлоо штабы билдирди.

«Тарыхый, маданий, жалпы баалуулуктар, демократия жана адам укуктарынын негизинде жаралган.Монголия менен Кыргызстандын мамилелери  учурда кайсы тармак болбосун бекем деп ойлойм. Кызматташтыгызбы ушул нукта улантабыз. Мамилелерди мындан да чыңдап, кызматташтыкты жандантабыз» – деп айтылат Монголия президентинин телеграммасында.

Халтмаагийн Баттулга Cадыр Жапаровго бекем ден-соолук жана иштерине ийгилик каалаган. Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүнө тилектештигин билдирген.

 

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз