БИШКЕК. 27.01.2021.KҮN.KG – Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 87 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов билдирди.

Кадыракуновдун айтымында акын көптөн бери ооруп жүргөн.

«Кечээ түнкүсүн саат 12лерде каза болду. Жашы 87ге чыкты, ал киши көптөн бери ооруп жүргөн. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. Уюштуруу иштери жүрүп жатат», — деди ал.

Эл акыны менен коштошуу зыйнатын эртең, 28-январда өткөрүлөт.

Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган.

Эл акыны чыгармачылык жолунда ондогон ыр китептердин, ыр жыйнактарынын автору болгон.

 

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз