БИШКЕК. 15.01.2021.KҮN.KG – Жума күнү өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +3…+8, Таласта +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +7…+12, Ысык-Көл жергесинде 0…+5, Нарын өрөөнүндө -6…-11 градус болот.

Күндүн табы борбордо +4…+6, Ош шаарында +10…+12 градус болот.

 

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз