БИШКЕК. 04.01.2021.KUN.KG – Кыргызстандыктар 2020-жылдын декабрь айында 2 млрд 086 млн 203 миң кВт.с. электр энергия иштетти. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому билдирди.

«Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык 2020-жылдын декабрь айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 2 млрд 086 млн 203 миң кВт.с. түздү» – деп айтылат маалыматта.

2019-жылдын ошол эле мезгилинде бул көрсөткүч 1 млрд 866 млн 075  миң кВт.с. түзгөн.

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз