БИШКЕК. 10.06.2021.KҮN.KG – Centerra Gold Inc. компаниясы өзүн АКШда банкрот деп жарыялоосу мыйзамсыз. Бул тууралуу “Кумтөр голд компани” (КГК) ЖЧКсы билдирди.

“Кумтөр голд компани” (КГК) маалымдашынча, Centerra Gold Inc. Кумтөрдүн жападан жалгыз акционери болуп эсептелет. Бирок аталган компания “Кумтөр голд компани” менен макулдашпай банкроттук процедурасын жарыялаган. Бул Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келет.

“Centerra Gold Inc. бүгүнкү күндө кыргыз өкмөтү менен кат түрүндө бекитилген макулдашууга ылайык, Кыргызстандын мыйзамдарына таянуу менен ишмердүүлүгүн улантып жатат” – деп билдирди “Кумтөр голд компани”.

КГК Centerra анын атынан банкрот процедурасын жарыялаганына тынчсызданып жатканын кошумчалады.

“Centerra материалдарды сотко өткөрүп, кээ бир жеке жана юридикалык жактарга КГКнын атынан сүйлөөгө ыйгарым укук берүү менен ЖЧКнын уставдары менен Кыргызстандын мыйзамдарын бузду. Бул чечимдин юридикалык жактан күчү жок. КГК мындай чечимди Centerra Gold Inc. жоопкерчиликтен качуу менен КГКнын ишине коркунуч жаратуу максатында кабыл алган деп эсептейт” – деп маалымдайт “Кумтөр голд компани”.

Ошондой эле компания, Кыргызстан суверендүү мамлекет экендигин эскертип, АКШнын сотунун кабыл алган банкроттук чечимдери бул өлкөдө иштебей турганы белгиледи.

КГК Кумтөр кенинин ишин камсыздоо үчүн товар жеткирип, кызмат көрсөткөн тараптарга убагында акчасын төлөп жатканы, мурдагыдай эле социалдык жоопкерчиликтерин аткарып, кызматкерлерге айлыгын берип жатканы белгиленди.

 

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз