БИШКЕК. 03.01.2021.KUN.KG – Мага каршы көрсөтмө мажбурлоо менен алынышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева “Азаттык радиосуна” берген маегинде билдирди.

Калиеванын айтымында УКМК кызматкерлери басым көрсөтүү менен ага каршы көрсөтмө алган.

«22-октябрда «Адилет соттун» жетекчиси камакка алынды. Менде анын үн менен жөнөткөн маалыматы бар. Ал «мени биздин келишимдерден сизди акча каражатын алган деп айтууга мажбурлап жатышат» деп айтууда. Басымды УКМКнын кызматкерлери жасаганын айтты. 37-жыл буга чейинки кылымдын «кара барагы». Мен 1937-жыл деп айткым келбейт. Бирок камакка эмне үчүн алат? Камакта адамга психологиялык, физикалык кысым көрсөтүп, анан чыгарат. Аны бир айча кармашты. Мүмкүн, мага койгон айып алардын көрсөтмөсү боюнчадыр. Бирок көрсөтмөлөр басым менен алынган. Себеби аны УКМК бир айдан кийин кайра өзү суранып, камактан чыгарды» -деди Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева.

Белгилей кетсек, УКМКнын төрагасыКамчыбек Ташиев «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалымат тутумун орнотуу долбоорунан коррупциялык чийимдер табылганын билдирген. Ал бул ишке Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын да тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе, ал дароо камакка алынарын жарыялаган.

Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) уюму өткөргөн тендер боюнча ишти УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сегиз айдан бери иликтеп келгени аныкталды.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Евробиримдиктин бул долбоору боюнча тендерде жеңүүчүнү аныктаган тарап башка болсо жана мамлекетке келтирилди деген зыян жок экенин айтып, эмнеге атайын кызмат ага жоопкерчиликти оодарып жатканы таңкалычтуу экени тууралуу коомчулукка түшүндүрмө берди.

“Мага эмненин негизинде кылмыш иши козголгону жатканын түшүнө албай турам.  Таң калыштуу болуп жатат. Кимдин куйругун басып алганымды билбей калдым. Мен бир документке кол койбосом. Ага укугум да жок. Бизде финансылык документтерге аппарат жетекчиси кол коёт. Сот департаменти болсо өзүнчө иш алып барат» – деди Жогорку соттун төрайымы.

Эске салсак, буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аны камакка алуу үчүн жетиштүү далилдер бар деп, бирок иштин жагдайын толук айткан эмес. Евробиримдиктин өкүлчүлүгү тендерди Германиянын GIZ Эл аралык кызматташтык коому баштаган уюмдардын консорциуму өткөрүп, көзөмөлгө алганын жана анда эч кандай күмөндүү финансалык көз боёмочулуктар жок экенин билдирди.

 

 

 

 

 

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз