БИШКЕК. 15.01.2021.KҮN.KG – Балдардын “Ералаш” юмористтик киножурналынын негиздөөчүсү Борис Грачевский 72 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин Грачевский Москвадагы коронавирустан дарылаган №52 шаардык ооруканага түшүп, абалы өтө оор деп бааланып жаткан. Бирок андан соң абалы жакшырганы айтылган болчу. Бейшемби күнү анын досу, актёр Владимир Долинский Грачевскийдин кескин начарлап кеткенин айткан.

Борис Грачевский — кинорежиссёр, сценарист, Россия искусствосуна эмгек сиңирген ишмер. “Крыша”, “Между нот, или Тантрическая симфония” фильминин режиссёру катары таанымал.

булак/спутник

 

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз