БИШКЕК. 06.01.2021.KUN.KG – Brent үлгүсүндөгү мунай затынын бир баррелинин баасы 26-февралдан тарта биринчи ирет 54 долларга көтөрүлдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды

Москва убактысы боюнча саат 5.27ге (Бишкек – 5.27) карата фьючерсте Brent үлгүсүндөгү түндүк деңиз мунай затынын аралашмасы 0,92 пайызга — 54,02 долларга көтөрүлүп кетти. Февралдагы фьючерсте WTI үлгүсүндөгүсү 0,4 пайызды түзүп, тагыраагы, бир баррелине 50,12 доллар болгон.

Баанын тез ыкчам өсүп кетишин Россия менен Суад Аравиясынын ОПЕК+ боюнча келечектеги келишим жаатында компромисске келди деген маалыматтар шарттаган. The Wall Street Journal басылмасынын жазганына караганда, өлкөлөр февраль айында макулдашуунун учурдагы шарттарын сактап калуу туурасында сүйлөшкөн. Андан сырткары, мунай затынын өндүрүү көлөмүн көбөйтпөө боюнча сөз бекитишкен эле.

Эске салсак, майдагы фьючерсте WTI үлгүсүндөгү мунайдын баасы 9 доллардан да түшүп кеткен эле.

булак/спутник

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз