БИШКЕК. 30.05.2021.KҮN.KG – Казакстан кыргыз-тажик чек арасындагы маселени чечүүдө консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди 29-майда президент Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда кыргыз-тажик чек арасында болгон соңку окуялар жана Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча маселелер көтөрүлгөн.

“Казакстан кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды олуттуу кабыл алганын жана чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө, консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр” – деди Казакстандын ТИМ башчысы Мухтар Тлеуберди.

Ошондой эле Мухтар Тлеуберди Казакстан менен Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары соода жүгүртүүнүн көлөмүн жылына 1 миллиард долларга чыгаруу боюнча иш алып барып жатканын кошумчалады.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болду. Алардын экөө бала. Тажикстандын болсо 19 жараны каза болгон.

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз