БИШКЕК. 01.01.2021.KUN.KG – Саясатчы, «Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен биригүү тууралуу бир канча жолу сүйлөшүүлөр болгон. Бул тууралуу президенттикке талапкер Садыр Жапаров “Супер Тв” ютуб каналына берген маегинде билдирди.

Жапаровдун айтымында, ал биригүү жөнүндө Адахан Мадумаров менен түрмөдө отурган кезинде сүйлөшкөн. Бирок жыйынтык чыккан эмес.

«Биригүү жөнүндө мен түрмөдө жатканда сүйлөшүүлөр болгон. Партияларды бириктирип, шайлоого бир баралы деген сунушубузду айтканбыз. Жамандагандык эмес. Бирок Адахан Кимсанбаевичтин текеберчилик мүнөзү жогору экен. Ошондуктан бириге албай калганбыз», – деди Жапаров.

Садыр Жапаров партияны жабып, мага гана баш иесиңер деген Мадумаровдун талабына тарапташтары макул болбогонун кошумчалады.

«Бир гана партиям, бир гана мен башкарам, мага баш иесиңер, партияңарды жаап мага өтөсүңөр, бир гана мен айткандай болот дегендей талаптары болгон. Мындай талап биздин партиялаштарга жаккан жок. Анткени кыргыз бир кишиге чөгөлөгөн эл эмес да», – деди Садыр Жапаров.

Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президенттик 17 талапкер катышууда. Садыр Жапаров жарышта көзгө урунган талапкерлердин бири болуп турат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от kun.kg (@kun.kg_)

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз