БИШКЕК. 08.04.2021.KҮN.KG – Бүгүнкү күндө Бишкекте миңдеген жарандар ай сайын акча төлөп, батирлеп жашап жүрөт. Алардын “Бишкектен үй” дегенде эки көзү төрт. Бирок тапкандары күнүмдүк оокатынан артпайт. Негизи айлыкка иштеп, баш калаадан там алуу канчалык реалдуу? Бишкектен батир алуунун машакаты. Кыялга жетүү үчүн канча жыл тер төккөнгө туура келет? KҮN.КG көптү кызыктырган суроолорго жооп тапканга аракет кылды

Жанданган батир бизнеси

Баш калаада акыркы 7-8 жылда курулуш кыйла жанданды. Тармак кардарын таап, ири бизнеске айланды. Учурда Бишкекте батирлер түрүнө, сапаты, жайгашкан ордуна карап 37 миң доллардан 110 миң долларга чейин сатылууда.

Бишкектеги батир баалары

Ачык маалыматтарга таянсак, февраль айында Бишкекте үч бөлмөлүү “хрущевкалар” орто эсепте 2 200 $га кымбаттап , эки бөлмөлүү батирлердин баасы кыйла түштү.

Бир бөлмөлүү батирдин баасы

Бишкекте бир бөлмөлүү 104-сериядагы батирдин орточо баасы 30 300 долларды түздү. Январь айынан бери 300 долларга арзандады.

105-серия болсо 30 000 доллар.

106-серия 32 600 доллар.

“Хрущевкалар” 26 000 доллар.

Индивидуалдуу батир 28 800 доллар.

Элиталык батирлердин орточо баасы болсо 36 000 долларды түздү.

Эки бөлмөлүү батирдин баасы

Эки бөлмөлүү 104-сериядагы батирлердин наркы Бишкекте 37 300 долларды чамалады. Январдан бери бул типтеги үйлөрдүн баасына 700 доллар кошулду.

105-серия 41 800 доллар.

106-серия 43 300 доллар. (

“Хрущевкалар” 32 700 доллар.

Индивидуалдуу батир 42 900 доллар.

Элиталык батирлердин орточо баасы болсо 45 900 долларды түздү.

Үч бөлмөлүү батирдин баасы

Январдан бери 104-сериядагы үч бөлмөлүү батирлердин орточо наркы Бишкекте 400 долларга кымбаттап, 44 500 долларга чапчыды.

105-серия болсо 51 900 доллар.

106-серия 57 380 доллар.

“Хрущевкалар” болсо 41 200 доллар

Индивидуалдуу батир 59 000 доллар.

Элиталык батирлердин орточо баасы болсо 83 100 долларды түздү.

Бишкектен батир алуу машакаты

Эми келиңиз! Бишкектен 3 бөлмөлүү батир (70 м²) алуу үчүн айлыктын көзүн караган катардагы кызматкер канча жыл жебей, ичпей маянасын чогултушу керек? Санап көрөлү!

Бишкекте 106-сериядагы 3 бөлмөлүү батирдин орто наркы 4 млн. 900 миң сом. Статистикалык комитеттин маалыматына караганда, орточо айлык Кыргызстанда 18 000 сом.

Эми 4 млн. 900 миң сомдук батирди орточо айлыкка иштеген жарандын 18 000 сомдук иш акысына бөлө турган болсок 272 ай, тагыраагы 23 жыл келип чыгат.

Жыйынтыктап айта турган болсок, 18 000 сом маяна алган катардагы жумушчу же кызматкер Бишкектен 3 бөлмөлүү батир алуу үчүн 23 жыл тытынып, тишин кирин соруп иштеши керек болот.

Ушул эле батирге жетүү үчүн 10 миң сом айлыкка иштеген дарыгер 34 жыл, 8 миң сом маяна алган мугалим, мамлекеттик кызматкерлер жана маданият өкүлдөрү 51 жыл акча чогултушу зарыл.

Ипотека жана бөлүп төлөө

Ушул батирди ипотекага ала турган болсоңуз 4 млн. 900 миң сомдук үйдүн алгач 30%ын (1,470,432 сом) төлөйсүз. Кийин 10 жыл бою 18% үстөгү менен айына 80 миң сомдон төлөшүңүз керек.

Ал эми ушул эле батирди бөлүп төлөө (рассрочка) менен ала турган болсоңуз, батирдин наркынын 30% акчасын/ 1 млн. 470 миң сомду алдын ала төлөшүңүз керек болот. Бул сумманы жылына  бөлгөндө 1 млн 143 миң сом, айына болсо 95 миң 278 сомдон төлөгөнгө туура келет.

Негизги кардарлар

Бишкекте ипотекалык насыя да кыйла кымбат. Айлыкка иштеген адам батир ала албайт деле. Баш калаадагы үйлөрдү негизинен 2 гана кардары бар. Алар убагында капиталын жетишинче топтоп алган байлар жана мигранттар. Бирок пандемиядан кийин мигранттардын деле шайы кетип калды.

Башкаларда батир канча?

Эми  4 млн. 900 миң сом, тоголоктоп алганда 5 млн сомго башка өлкөлөрдүн борборунан кандай батир келээрин карап көрөлү.

Москванын борбордук бөлүгүндөгү бул – 70 м², 3 бөлмөлүү батир 163 миң доллар. Бишкекке салыштырмалуу 3 эсеге кымбат. Бирок шарты, салыштырмалуу кыйла жакшы

Астана. 70 м² аянттагы 3 бөлмөлүү бул батир 47 миң доллар турат. Баасы Бишкектеги батирлерге салыштырмалуу арзаныраак. Шарты орто.

Ташкент. Борбордун бир аз четирээгинде жайгашкан району. 70 м² 3 бөлмөлүү бул батир 51 000 доллар. Ташкенттеги батирлер Бишкектеги үйлөрдүн баасы менен бирдей эле десек болот.

Түркияда болсо эски үйлөрдү 40 миң доллар, жаңыларын 45 миң доллардан 100 миң долларга чейин таба аласыз. Эгер 50 миң доллар акчаңыз болсо Стамбул же Анкарадан Бишкектегиден кыйла дурус, кыйла комфорт батир ала аласыз.

Социалдык ипотека саясаты

Өнүккөн өлкөлөрдө чындыгында айлыктын көзүн караган жарандын батирге жетиши кыйын. Көпчүлүк мамлекеттер жумушчу катмарды үй менен камсыздоо үчүн үстөк пайызы өтө аз 2-3%ды түзгөн, баштапкы төлөмсүз, жеңилдетилген социалдык ипотека программасын ишке ашырып келатат. Катардагы жумушчу 20-25 жылда айлыгынын четинен чөнтөгүнө күч келбегендей суммада төлөп жашай берет.

 “Жеткиликтүү турак жай” кимдерге жетип жатат?

Мындай программа Кыргызстанда да бар. Өкмөттүн “Жеткиликтүү турак жай” программасы мамлекеттик кызматкерлерге 6-8% менен 10-15 жылга ипотекалык үйлөрдү берип келатат. Бирок кардар насыяга ала турган үйүнүн 30%дык баштапкы төлөмүн алдын ала төгүшү керек. Бирок, тилекке каршы, 7-8 миң сомго иштеген мамлекеттик кызматкерлердин баары эле ал сумманы төлөй албайт. Мунун менен мамлекеттин камкордук программасы чыныгы муктаждардын керегине жарабай калып жатат.

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз