БИШКЕК. 30.05.2021.KҮN.KG – Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 48 миллион 344 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Аталган каражаттар шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен операторлордун кызматтык сапарларына жумшалат.

Эске салсак, ушул жылы 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.

Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып 3-майда Токмок, 11-майда Ош, 19-майда Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоолордун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бул үч шаарда 11-апрелдеги шайлоого казынадан 38 миллион сом жумшалган.

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын үч чоң шаарына кайра шайлоону 11-июлга дайындады.

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз