БИШКЕК. 14.01.2021.KҮN.KG –Кыргызстандык мигранттар эч ойлонбой эле Россиядагы иш орундарына кайта берсе болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Никита Березин билдирди.

Березин өлкөгө келетурган жарандардын коопсуздугу үчүн Мамлекеттик Дума ар дайым керектүү мыйзамдарды кабыл алып келээрин белгиледи.

 «Жумуш орундары албетте болот. Кыргызстандыктар мурун иштеп кеткен жерлерине кайра барып жайгаша алат деп толук ишенем. Жумуш бар. Куруучу, ширеткич жана жыгач усталарга дайыма талап бар», — деди Березин.

Ал ошондой эле, пандемия эмгек рыногуна терс таасирин тийгизүү менен катар базарга керектүү адистерге болгон талапты да өзгөрткөнүн кошумчалады. Эми иш издегендерге кошумча окуп, базардын талабына ылайык илимдерди үйрөнүшү керек болот.

 

 

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз