БИШКЕК. 20.01.2021.KҮN.KG –АКШ президенти Дональд Трамп 20-январда өтөтурган Жо Байдендин инаугурациясына катышпайт. Бул тууралуу ал өзүнүн “Твиттер” баракчасына жазды.

«Сурагандардын баарына жооп берип коёюн. Мен 20-январда өтөтурган инаугурацияга барбайм», – деп жазган Дональд Трамп.

Трамп аккаунту кайра калыбына келтирилгенден кийинки биринчи жолу билдирүү жасады. Эске салсак, буга чейин Твиттер Вашингтондогу окуяларга байланыштуу Трампмтын аккаунтун блоктогон болчу. Компания муну Твиттердин контент саясатын бузгандыгы  менен түшүндүргөн.

Дональд Трамп 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайтургандыгын, бирок бийлик Американын баш мыйзамынын алкагында өткөрүлүп берилетургандыгын билдирген.

Американын мыйзамдарында мөөнөтүн аяктаган президент сөзсүз түрдө инаугурацияга катышышы керек деген талап жок. Маселен Ричард Никсон 1974-жылы Уотергейт жаңжалынан кийин Ак үйдө таштап чыгып кеткен. Мындай   окуялар Американын тарыхында XIX-кылымдарда болгон.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоодо жеңип чыккан Жо Байден бүгүн 20-январда ант берет.

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз