БИШКЕК. 12.01.2021.KUN.KG – АКШда иштелип чыккан Pfizer дарысы Бишкекке жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев 12-январда билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында, Эл аралык COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга коронавируска каршы сегиз түрдүү вакцина келген.  Эми кыргызстандык адистер препараттарды колдонуу эрежелерине ылайык эмдөөнүн жолдорун талдап чыгышат.

«Pfizer вакцинасы -70 градус режимде сакталышы керек. Бизде мындай шарт түзүлгөн эмес. Биз колдонулуп жүргөн эмдөө препараттардын баары баары +2…+4 режиминде сактала турган дары-дармектер болгон», – деди Үсөнбаев.

Мындан улам Кыргызстан башка вакцина түрлөрүн да алар келгенде карап чыгып, өлкөдөгү шарттарга ылайыгын тандайт.

АКШ жана Европа Биримдигинин (ЕБ) курамындагы өлкөлөр калкты Pfizer жана BioNTech компанияларынын вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөө иш-аракетин 2020-жылдын соңунда баштаган. Орусияда өздөрү чыгарган «Спутник V» вакцинасын, Кытай да өз вакцинасын колдоно баштаган.

БУУнун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эмдөө тармагынын башчысы 7-январдагы билдирүүсүндө COVAX программасынын алкагында начар өнүгүп жаткан жакыр өлкөлөргө коронавируска каршы вакциналардын алгачкы түрлөрүн ушул айдын ичинде эле жеткирилерин маалымдаган.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар алгач 2020-жылдын мартында белгилүү болгон. 12-январга карата 82 495 адамга жетти. Алардын 1374ү жашоо менен кош айтышты.

ЖОРУМ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Жорумуңузду жазыңыз
Атыңызды жазыңыз